Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
03 июня 2021
2021-жылдын 3-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал, Авлетим, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Базар-Коргон районунун Кеңеш, Сайдыкум, Ноокен районунун Сакалды, Сузак районунун Кара-Алма, Курманбеков, Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң, Каргалык, Чаткал районунун Каныш-Кыя, Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Айткулов Таалайбек Алимырзаевич, Көпөева Зулайка Токтосуновна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Көпөева Зулайка Токтосуновна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жерге-Тал айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Атантаев Каныбек Рахманбердиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Атантаев Каныбек Рахманбердиевич Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Авлетим айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у добуш беришти.
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдумомунов Чынгыз Жумадилович, Койчумбаев Самат Искендербекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Койчумбаев Самат Искендербекович Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ала-Бука айылдык кеңешинин 31 депутатынын 21и добуш беришти.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Сагынов Шергазы Маматаминович, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Алкадыров Майрамбек Маматкулович, Саипов Уларбек Рыскулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алкадыров Майрамбек Маматкулович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кеңеш айылдык кеңешинин 31 депутатынын 25и добуш беришти.
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер –Сатаров Рахманжан Сатарович, Абдыкадыров Касымбек Мамазакирович, Абдыкадыров Илгиз Маматкасымович, Абдурасулов Майрамбек Матилович, Турсункулов Бегали Маликович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдурасулов Майрамбек Матилович Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сайдыкум айылдык кеңешинин 31 депутатынын 19у добуш беришти.
Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Осмонов Алимбек Гуламжанович, Байчубакова Дамира Кубанычбековна, Масиров Шайырбек Маматкулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Осмонов Алимбек Гуламжанович Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сакалды айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Анаркулов Ойрот Ажибаевич, Назанов Алмаз Аширбекович, Калмаматов Куштарбек Калмаматович, Омошев Элдияр Алянович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Анаркулов Ойрот Ажибаевич Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Алма айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Курманбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбекович, Бакиров Даирбек Мейлиевич, Турушова Меринса Абдиманоповна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбекович Курманбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Курманбеков айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13ү добуш беришти.
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн 1 талапкер – Олжотоев Марлис Жээнбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Олжотоев Марлис Жээнбекович Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Булуң айылдык кеңешинин баардык 11 депутатыдобуш беришти.
Каргалыкайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Артыкбаев Эмил Артыкбаевич, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Рыспаев Нурадил Рыспаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Артыкбаев Эмил Артыкбаевич Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Каргалык айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти.
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Батырбеков Кыязбек Азанканович, Смаилов Капарбек Кутбидинович, раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Мырзатаев Камалкан Ташматович, Токтогулов Омурзак Мамасалиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Смаилов Капарбек Кутбидинович Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Тулекеев Болсунбек Таштемирович, Асанбеков Нуржигит Абдилатович, Сартов Алмаз Анарбекович, Тойгонбаев Эркинбек Абасканович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тойгонбаев Эркинбек Абасканович Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13ү добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
