БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
31 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 31-майындагы жыйналышында Кадамжай, Ноокат, Өзгөн, Аламүдүн, Бакай-Ата жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинин депутаты Батырова Гүлнаранын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат стоматологиялык поликлиниканын тиш врачы Мадаминов Хуснидин Баходыржоновичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Жолдошов Абдыганы Тагаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Байсаров Шүкүрали Сайтмуратовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Моминова Махмуджона Турдукуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Ураимов Набижан Зикиряевичке (“Ата-Журт” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаты Машрапова Үмүтгүл Адановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Сабытбек уулу Бактыярга өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Кедеева Чыныбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ибраимов Бакытбек Ашымовичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты Кочкорова Мимоза Ажыбаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин электриги Васильев Николай Павловичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты Исакунова Сайкал Женишовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат КР Экономика министерлигинин техникалык администратор Сопиев Абдыманап Үсөкеевичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Турдалиева Жылдыз Аскербековнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Аттокурова Акылыйма Кадыровнага өткөрүп берилди.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты Бейшебаев Эрнис Айнабаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Султанбаев Дамирбек Куттубековичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Манас районунун Үч-Корго айылдык кеңешинин депутаты Акимбаев Алмазбек Абдижалиловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Максат-А» СПА директору Акимбаев Сухраб Аширбаевичке өткөрүп берилди.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
