Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу

30 мая 2021

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 ЖП Жарлыгына ылайык Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо дайындалды. Ушуга байланыштуу БШК шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКларды аккредитациялоо башталганын жарыялайт.

ЖМКлар жана интернет-басылмалары обо убакытын, басылма аянтын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды коштомо кат менен КР БШКга шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 7 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 3-июлуна чейин берүүгө тийиш.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин каттагандан кийин б.а. 2021-жылы 20-июнда башталат жана 2021-жылы 10-июлда саат 8:00дө аяктайт.

Бул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

Жалпыга маалымдоо каражат, интернет-басылма жана алардын өкүлдөрү мыйзамдардын талаптарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүт белгилерисиз шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү  маалыматтарды чагылдыруу жолу аркылуу гана катышууга укуктуу.

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдорду жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерде добуш берүү күнү фото- жана көрмө тартууну жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган ЖМКлар төмөнкү документтерди берүү керек:

- КР БШК төрагасынын атына арыз (шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы тууралуу билдирме, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын же интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү жана өз өкүлдөрүнүн тизмесин берүү зарыл);

- жалпыга маалымдоо каражаттын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- укуктук жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн же жеке ишкердин салык органдарында мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн (патент) көчүрмөсүн (интернет-басылмалар үчүн);

- уставынын көчүрмөсүн (бар болсо);

- берүүгө лицензиясын (радио жана телеканалдар үчүн);

- обо убакытын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар ошондой эле билдирмеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн тизмеси ж.б. маалымат камтылган электрондук вариантын дагы Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.

Документтерди  кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 3-июнунан кечиктирбестен.

Документтер Бишкек ш., Пушкин к. 50, 107-бөлмөдө кабыл алынат.

КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg .

Кошумча маалыматтар үчүн телефон: 66-54-52

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү