БШК КР ЖК депутаты И.А. Пирматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

28 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын  28-майындагы жыйналышында “Бир Бол” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А. Пирматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК токтом “Бир Бол” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А. Пирматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов  Исхак Айтбаевичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү