КР БШК Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясын чакырды

17 мая 2021

2021-жылы 17-майда Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.

Жыйналыштын жүрүшүндө депутаттар мандат жана төш белгилерди алышты. Айырмалоо белгилерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова тапшырды. Мындан тышкары, эл өкүлдөрү белек катары төмөнкү мезгилдүү басылмаларды алышты: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдарды жана “Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын” аттуу практикалык кеңештердин жыйнагын.

Аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Анаркулов, Базар-Коргон районунун акими Б. Козуев, ошондой эле шаардын активисттери катышты.

Н. Шайлдабекова шайланган депутаттарды куттуктап, тарыхый окуя болуп өткөнүн белгиледи.

“Сиздер Базар-Коргон шаарынын биринчи депутаттары болуп калдыңыздар. Бул абдан жооптуу миссия, сиздер жарандардын ишенимин актап, кеңешти натыйжалуу иштететесиздер жана бардык күч-аракетиңиздерди шаарды өнүктүрүүгө, жарандардын жыргалчылыгын арттырууга жумшайсыздар деп ишенебиз. Саясий көз караштарына карабай, шайланган депутаттар жарандардын кызыкчылыктарын, социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелерди чечүүнү өз иштериндеги артыкчылыктуу багыт кыларына ишенебиз. Сиздерди ак-ниет иштеп, Базар-Коргон шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын жогору коюуга, алдыдагы бардык милдеттерди биргелешип чечүүгө чакырамын”, - деди БШК башчысы.

БШК Төрагасы Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катышып, баары шаардык кеңеште мандат алышканын дагы баса белгиледи. Бул шайлоо адилет өткөндүгүн көрсөтөт. Бүгүнкүгө чейин Базар-Коргон шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирген бир дагы арыз берилген жок, деп белгиледи Н. Шайлдабекова.

Депутаттыкка 265 талапкер, анын ичинде 90 аял ат салышты.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралындагы № 19 Мыйзамы менен Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши түзүлдү.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы № 188 токтому менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилди.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы, шаардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат”. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 17-майына чакыруу чечимин кабыл алды.

Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңештин ишин уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилди.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү