Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү өткөрүлдү

17 мая 2021

2021-жылдын 16-майында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү өткөрүлдү.

№ 2199 шайлоо участогундагы шайлоочулардын жалпы саны – 2534 адам, алардын ичинен 1228 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 48,46 %ды түздү.

Мурда Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 13 талапкер катталган (анын ичинде 9 эркек, 4 аял).

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча 5 депутат шайланган, анын экөө – аялдар.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү