2021–ж. 30-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

30 апреля 2021

Өткөрүү датасы: 30 апрель 2021-ж.

Убактысы: 15:40

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. "Клооп Медиа" Коомдук фондунун аймактык шайлоо комиссияларынын аракетсиздигине карата даттануусу жөнүндө

(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

2. "Клооп Медиа" Коомдук фондунун Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-апрелиндеги №42/1 жана 42/2 чечимдерине карата даттануусу жөнүндө

(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун маалыматы жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун бүткүл элдик добуш берүүдө) натыйжалары жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Ар кандай маселелер