Шопоков  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

29 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Шопоков шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 6170 болсо, анын 2206 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул35,75%ды түзөт.

Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Шопоков  шаарынын аймагында 5 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Шопоков аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 7 саясий партиянын тизмесинде 228 талапкер катталган (алардын ичинен: 129 эркек, 99 аял).

2021-жылы 23-апрелде Шокопов аймактык шайлоо комиссиясы Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Шопоков  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 7 партиянын ичинен 7 партия өттү:

1. «Буткул жаштар саясий партиясы» - 18,63% 
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 16,95% 
3. «Ордо» - 16,36% 
4. «Онугуу-Прогресс» - 14,78% 
5. «Ишеним» - 12,19%  
6. «Социал-Демократы» - 8,93%  
7. «Республика» - 8,88%

Шопоков шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1. «Буткул жаштар саясий партиясы» - 4 мандат;
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 4 мандат;
3. «Ордо» - 3 мандат; 
4. «Онугуу-Прогресс» - 3 мандат; 
5. «Ишеним» - 3 мандат; 
6. «Социал-Демократы» - 2 мандат; 
7. «Республика» - 2 мандат. 

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү