Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

28 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Чолпон-Ата  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Чолпон-Ата шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 7729 болсо, анын 2588 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 33,48%ды түзөт.

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Чолпон-Ата  шаарынын аймагында 4 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Чолпон-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 7 саясий партиянын тизмесинде 226 талапкер катталган (алардын ичинен: 139 эркек, 87 аял).

2021-жылы 24-апрелде Чолпон-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Чолпон-Ата  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.

Чолпон  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Чолпон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 7 партиянын ичинен 7 партия өттү:
1. «Бирге-Вместе» - 19,51%  
2. «Социал-демократы» - 17.50%  
3. «Табылга» - 10,39%  
4. «Ата Мекен» - 9,85%  
5. «Ата-Журт» - 11,17%   
6. «Улуу Кыргызстан» - 19,74%  
7. «Чон казат» - 7,77%

Чолпон –Ата шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. 1.«Бирге-Вместе» - 4 мандат;
2. «Социал-демократы» - 4 мандат;
3. «Табылга» - 2 мандат;
4. «Ата Мекен» - 2 мандат;
5. «Ата-Журт» - 3 мандат;
6. «Улуу Кыргызстан» - 4 мандат; 
7. «Чон казат» - 2 мандат.  

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү