Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

28 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кочкор-Ата шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 9188 болсо, анын 3080 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 33,51%ды түзөт.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кочкор-Ата шаарынын аймагында 5 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Кочкор-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 5 саясий партиянын тизмесинде 187 талапкер катталган (алардын ичинен: 127 эркек, 60 аял).

2021-жылы 16-апрелде Кочкор-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 5 партиянын ичинен 5 партия өттү:
«Ата-Журт Кыргызстан» - 38,18%      
2. «Ынтымак» - 31,07% 
3. «Өнүгүү-Прогресс» - 10,87% 
4. «Улуттар Биримдиги» - 9,54% 
5. «Республика» - 7,95%

Кочкор-Ата шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 8 мандат; 
2. «Ынтымак» - 7 мандат; 
3. «Өнүгүү-Прогресс» - 2 мандат; 
4. «Улуттар Биримдиги» - 2 мандат; 
5. «Республика» - 2 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү