Ысык-Көл облусунун  Тоң районунун 8 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

26 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун  Тоң районунун Тоң, Кун-Чыгыш, Төрт-Көл, Б. МамбетовКөл-Тор, Ак-Терек, Көк-Мойнок жана Улахол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү