Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
26 апреля 2021
2021-жылы 11-апрелде Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Баткен шаары боюнча жалпы шайлоочулардын саны 15641, анын ичинен шайлоого 5070 шайлоочу катышкан, бул 32,41%ды түзөт.
Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Баткен шаарында 10 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. 2021-жылы 11-мартта Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 9 саясий партиянын тизмесинде 444 талапкер катталган (алардын 283ү эркектер, 161и аялдар).
2021-жылдын 18-апрелинде Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктады. Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 9 партиядан 4 партия өттү:
1. «Ала-Тоо – кыргыз жери» - 28,52%
2. «Ынтымак» - 24,04%
3. «Эмгек партиясы» - 15,92%
4. «Жаны-Доор» - 7,71%.
Баткен шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. "Ала-Тоо - Кыргыз жери" - 12 мандат;
2. "Ынтымак" - 10 орун;
3. "Эмгек партиясы" - 6 мандат;
4. "Жаңы-Доор" - 3 мандат.
"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын тийиштүү аймактарда аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
