Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
25 апреля 2021
2021-жылдын 11-апрелинде Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Балыкчы шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 29719 адамды түзсө, анын 11652 шайлоочу шайлоого катышкан, бул 38,90% түзөт.
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Балыкчы шаарынын аймагында 18 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү.
2021-жылы 11-мартта Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 14 саясий партия катталган.
Ошол эле учурда талапкерлердин тизмесин алып салуу жана шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө саясий партиянын билдирүүсүнүн негизинде Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын каттоосун жокко чыгарды.
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого жалпысынан 13 саясий партия катышкан. Талапкерлердин тизмесинде 692 талапкер бар (алардын ичинен: 417 эркек, 275 аял).
2021-жылдын 23-апрелинде Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 13 партиянын ичинен 5 партия өттү: 1. «Табылга» - 20,20%
2. «Өнүгүү Прогресс» - 13,55%
3. «Эмгек» - 11,56%
4. «Мурас» - 11%
5. «Замандаш» - 7,52%. Балыкчы шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. "Табылга" - 10 мандат;
2. "Өнүгүү Прогресс" - 6 мандат;
3. "Эмгек" - 6 мандат;
4. "Мурас" - 5 мандат;
5. "Замандаш" - 4 мандат.
"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын тийиштүү аймактарда аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
