Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

25 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 30694 болсо, анын 10660 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 34,73%ды түзөт.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 22 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 12 саясий партиянын тизмесинде 605 талапкер катталган (алардын ичинен: 369 эркек, 236 аял).

2021-жылы 23-апрелде Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

 Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 12 партиянын ичинен 5 партия өттү:

   1. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» - 15,15%

2. «Ата-Журт» - 14,54%

3. «Ата-Журт Кыргызстан» - 14,53%

4. «Ыйман Нуру» - 12,68%

5. «Бир Бол» - 11,36%

Кызыл-Кыя шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

 1. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» - 7 мандат;

2. «Ата-Журт» - 7 мандат;

3. «Ата-Журт Кыргызстан» - 6 мандат;

4. «Ыйман Нуру» - 6 мандат;

5. «Бир Бол» - 5 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү