Жалал- Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 4 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
24 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай,Көк-Ирим ,Каргалык жана Сары-Булун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
