Ош облусунун Алай районунун 13 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

24 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Дөбө, Алай, Бүлөлү, Ленин, Будалык, Жошолу, Корул, Коңур-Дөбө, Гүлчө, Жаңы-Алай жана Сары-Могол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Алай аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 51, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү