КР БШК Беловодск айылдык кеңешине талапкер Э.Ж.Сыйданованын арызын карады
23 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-апрелиндеги отурумунда, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Ж.Сыйданованын 2021-жылдын 14-апрелиндеги №14-арызын эске алуу чечимин кабыл алды.
2021-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын БШКсына Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Ж. Сыйдановадан арыз Москва аймактык шайлоо округунун 2021-жылдын 14-апрелиндеги №14-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз түшкөн.
2021-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Ж. Сыйданова (оффлайн режиминде катышты) жана Москва АШКнын төрагасы Т. К. Сейитпаев (онлайн режиминде катышты) берилген документтерди ар тараптуу изилдөө максатында чакырылган.
Жогорудагы арызда арыз ээси №7291 участкалык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну жана ушул участоктогу бюллетендерди кайра санап берүүнү суранган. Ошондой эле ал Москва АШКнын 2021-жылдын 14-апрелиндеги №14 чечимин жокко чыгарууну суранды.
Жумушчу топтун 2021-жылдын 21-апрелиндеги отурумунда, арыз ээси 2021-жылдын 17-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.М.Осмоналиевдин катышуусунда №7291 УШКда бюллетендерди кол менен кайра санап чыгуу жүргүзүлгөнүн белгилеген, буга байланыштуу ал 2021-жылдын 14-апрелиндеги арызын кайтарып алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылып, бул факты боюнча эч кандай дооматы жок экендигин белгилеген.
Москва АШКнын төрагасы Сейитпаев Т.К. Э.Ж.Сыйданованын 2021-жылдын 17-апрелиндеги №7291 шайлоо участогундагы арызына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.М.Осмоналиевдин катышуусунда бюллетендер кол менен саналган. Ошол эле учурда, ал бюллетендерди эсептөөдө эч кандай мыйзам бузуу катталбагандыгын жана бул аракеттерге акты түзүлгөнүн белгиледи (кол менен кайра санап чыгуу актысынын көчүрмөсү бар).
Ушуга байланыштуу жумушчу топ бюллетендерди кол менен саноо “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, анда “Кайра эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) сөзсүз катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайра санап жатканда талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу" деп айтылат.
Москва АШКнын 2021-жылдын 17-апрелиндеги №16 чечими менен бюллетендерди кайра саноонун жыйынтыгы боюнча, мыйзам бузуулар табылган жок.
Жогоруда келтирилгендердин негизинде, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 35-36-41-42-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, 2017-жылдын 7-июлунда КР БШКнын №212-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин жана башка субьектилердин (катышуучулардын) жана шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алуу менен, КР БШКсы Москва районунун Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Сыйданованын арызын эске алуу чечимин кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
