БШК "Бир Бол" саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен бир талапкерди чыгарды

20 апреля 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 20-апрелдеги жыйынында "Бир Бол" саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Кубанычбек Тумановду чыгаруу чечимин кабыл алды. 2015-жылдын 3-сентябрындагы КР БШКнын №61 "Мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин "Бир Бол" саясий партиясынан талапкер Кубанычбек Тумановду каттоо жөнүндөгү" чечими күчүн жоготтуу деп тапты. Бул чечим БШКга түшкөн Кубанычбек Тумановдун мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин "Бир Бол" саясий партиясынын КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арызына байланыштуу кабыл алынды. Арыз "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык канааттандырылды.

КР БШК Маалымат бөлүмү