БШК гендердик квотаны ишке ашыруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмө берет

15 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын БШКсы маалымдайт: ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу алкагында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамы менен киргизилген.

Аялдар калктын 52%ын түзгөндүгүнө карабастан, алардын шайланма органдардагы өкүлчүлүгү айылдык кеңештердин деңгээлинде жалпы депутаттардын санынын 9 %ын гана түзөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелеринин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзүү, алардын жергиликтүү деңгээлде башкарууга катышуусу үчүн айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу боюнча атайын мыйзам чаралары кабыл алынган.

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота алгач ирет иш жүзүндө бүт өлкө боюнча кеңири ишке ашырылууда.

420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланууда, округдарда аялдар үчүн 2943 мандат резервге калтырылган.

Шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5300 талапкер – аялдар.

Учурда аймактык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана округдарда жана жалпысынан кеңештерде шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси жүрүүдө.

Шайлоо комиссиялары шайланган талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык каттоону кмсыздашат.

Маалымат үчүн:

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-1-беренесине ылайык ар бир шайлоо округу боюнча резервге калтырылган мандаттардын саны шайлоо округдары жана участоктору жөнүндө маалымат менен бир убакта жарыяланат.

Шайлоо округдарында резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округдарында 1 мандат резервде калтырылат;

2) 4,5,6 мандаттуу шайлоо округдарында 2 мандат резервде калтырылат;

3) 7,8,9,10 мандаттуу шайлоо округдарында 3 мандат резервде калтырылат;

4)11,12,13 мандаттуу шайлоо округдарында 4 мандат резервде калтырылат;

5) 14,15,16 мандаттуу шайлоо округдарында 5 мандат резервде калтырылат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренесине ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "кыргыз коомунда аялдын орду терең урмат сыйга ээ, анын коомдук жана саясий турмуштагы ролу ар дайым жогору болуп келген" деп белгилегендей, ал бул квотанын ишке ашырылуусун аялдар үчүн "жергиликтүү деңгээлде саясий процесстерге бир топ таасир тийгизүүчү"   мүмкүнчүлүк деп айткан.