Саат 16.00дө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга шайлоочулардын катышуусу
11 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө саат 16.00гө карата кандай болгонун маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо үчүн:
Жалпы шайлоочулардын саны 856 404 шайлоочу же 25,81%. Алардан:
Шааркенешке шайлоо - 856 404 шайлоочу же 24,27%.
Айылдык кеңешке шайлоо - 601 672 шайлоочу же 26,52%.
Шаарлар боюнча шайлоочулардын катышуусу төмөнкүдөй:
Биринчи орунду Сүлүктү шаары ээлейт - 22,82%, Ош шаары - 18,6% жана Кайыңды - 16,5%.
Бишкек шаары республика боюнча активдүүлүгу эң аз бойдон калууда - 9,7%.
Кыргыз Республикасынын референдумунда:
Жалпы референдумдун 888 331 катышуучусу же 24,63% катышты. Алардан:
Бишкек шаары - 85 847 референдумдун катышуучусу же 20,40%,
Ош шаары - 49 716 референдумдун катышуучусу же 32,72%,
Жалал-Абад облусу - референдумда 182 562 катышуучу же 27,13%,
Ысык-Көл облусу - 75 361 референдумдун катышуучусу же 24,24%,
Нарын облусу - 59 923 референдумдун катышуучусу же 29,34%,
Ош облусу - 189 399 референдумдун катышуучусу же 25,94%,
Талас облусу - 45 476 референдумдун катышуучусу же 28,51%,
Чүй облусу - 124 661 референдумдун катышуучусу же 20,89%,
Баткен облусу - 73 477 референдумдун катышуучусу же 24,45%,
Чет өлкөлөрдө 1 909 адам (3,26%) добуш берди.

КР БШК Маалымат бөлүмү
