Майып шайлоочулардын саны 10-январга салыштырмалуу дээрлик 2 миң адамга көбөйдү

11 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын БШКсы мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарынын Картасын туруктуу негизде иштеп чыгат, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жазылат.

Учурда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында, муктаждыктар картасы боюнча, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жалпы саны 20187 түздү, бул мурда өткөн президенттик шайлоого катышкандарга караганда 1902 майып шайлоочуга көп.

 Бул муктаждык карталары социалдык такси уюштуруу, ыктыярчыларды тартуу, жаңдоо тили аркылуу чакыруу үчүн, сурдокотормочулар жана чакыруу кнопкасын басуу ж. б. үчүн, майып адамдар жашаган жеринен шайлоо участогуна чейинки каттамынын болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилет.

Шайлоо күнү УШКларды пандустар менен камсыздоо республика боюнча 85,8% ды түзөт.

 Ошондой эле, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү үчүн, столдор, кабиналар жана урналар, ошондой эле шайлоо участкаларындагы маалымат стенддери майыптар коляскасын колдонгон же көзкарандысыз кыймылдашы кыйынчылыкка туш болгон шайлоочуларга алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган шартта жайгашкан (бийиктиги, туурасы, тереңдиги жана жайгашкан жери боюнча).

Бардык УШКларда чоңойтуучу айнек (лупа) жана / же Брайль шрифти боюнча трафарет бар.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн 1196 бюллетень, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 120 бюллетень, референдумга (жалпы элдик добуш берүү) Брайль арибинде 4966 бюллетень даярдалган.

Маалымат берүү максатында, атайын форматтагы 5000 нускадагы маалыматтык плакаттар, сурдокотормосу бар видеотасмалар (майыптар үчүн эки атайын видео камтылган), ошондой эле Конституциянын долбоору Брайль шрифти менен басылып чыгып, майыптар менен иштеген уюмдарга таратылды.

 Талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитр менен, кеңейтилген шрифт менен басылып чыккан, окууга жеңил, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен, үгүт материалдарынын тиражынын жалпы көлөмүнүн бир пайыздан кем эмес көлөмдө жарыялоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча системалуу саясат жүргүзөт.

 

    

КР БШК Маалымат бөлүмү