ШКУнун байкоочулар миссиясы менен жолугушуу болуп өттү
10 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы менен 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелерин талкуулады.
Шайлоодо жана референдумда байкоо жүргүзүү үчүн келген миссиянын курамына төмөнкүлөр кирди: Н.В. Косихина – Россия Федерациясынын сенатору, Е.А. Шевченко – Россия Федерациясынын БШКсы, М.У .Хидирзода – Тажикстан Республикасынын БШКсы, О.М. Козихонова – Өзбекстан Республикасынын БШКсы ж.б.
Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, анын ичинде добуш сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу байкоочуларга маалымат берилди.
Байкоочулар бир күндүн ичинде шайлоо участокторуна барышканын жана участоктордун добуш берүүгө даярдыгы, санитардык-гигиеналык контроль, ыкчам чара көрүүчү топтордун иштери тууралуу айтышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

