Шайлоо участокторунан тышкары 17 099 жаран добуш берди

11 апреля 2021

Кечээ добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү болуп өттү. жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 19 298 арыз түшкөн.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган,  алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар шайлоочулардын тизмесине киргизилген.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн тизмеге киргизилген шайлоочулардын ичинен иш жүзүндө 17 099 шайлоочу добуш берди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү