БШКда эл аралык байкоочулар үчүн брифинг өттү
10 апреля 2021
Бүгүн – 2021-жылдын 10-апрелинде БШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда айкындуулукту жана аныктыкты камсыздоо маселелери боюнча эл аралык байкоочулар үчүн брифинг өттү.
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу эл аралык байкоочуларга маалымат берилди.
2019-жылы шайлоо мыйзамдарына жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү үчүн апрелде жана октябрда бирдиктүү күн киргизилди. Мурда шайлоолор жылдын ар кайсы мезгилинде өткөрүлчү, шайлоо графиги жыш болгон, шайлоолор ар башка убакта өткөрүлчү.
Эми добуш берүү апрелде жана октябрда өтөт, ал шайлоолордо 2016-жылы декабрда, 2017-жылы март жана май айларында шайланган кеңештердин депутаттары шайланат.
Заманбап технологиялар шайлоо алдындагы даярдоонун төмөнкү бардык этаптарын камсыздайт: ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн “Түндүк” электрондук тутумун колдонуу менен маалыматтарды алмашуу жүргүзүлөт, шайлоочулардын тизмеси ачык жеткиликтүү түрдө болот, күн сайын жаңыланып турат, идентификация жабдыктары жана автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн аныктыгын жана айкындуулугун камсыздайт.
Дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – жергиликтүү кеңештерге шайлоодо каржы айкындуулугунун механизмдери алгач ирет колдонулат. Саясий партиялардын шайлоо фонддору тууралуу бардык маалыматтар КР БШКнын https://talapker.shailoo.gov.kg атайын сайтында жайгаштырылат, андан суммаларды төккөн же аларды алган адамдардын аты-жөнү көрсөтүлгөн каражат түшкөндүгүн жана чыгымдалгандыгын ачык жеткиликтүү түрдө көрүүгө болот.
Ошондой эле ачык жеткиликтүү түрдөгү https://talapker.shailoo.gov.kg расмий сайтында партиялардын жана талапкерлердин программалары жайгаштырылган, мурда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоонун мындай форматы колдонулчу эмес.
Талапкерлер, саясий партиялар маалыматтык материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга тийиш. Ошондой эле үгүт жүргүзүү алкагында КР БШК теледебаттарды өткөрүү үчүн жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партияларга медиа аянтча берди.
Алдыдагы 11-апрелдеги шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү – айылдык кеңештерде мандаттардын 30%ынан аз эмесин аялдар үчүн резервде калтыруу биринчи жолу колдонулат.
БШКда эл аралык байкоочулардын суроолоруна жооп берилди. Добуш берүүнү даярдоого жана анын жүрүшүнө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн (10 эл аралык уюмдан, 10 шайлоо органынан, 16 дипломатиялык өкүлчүлүктөн) 183 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзүүдө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
