КМШ ПАА Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо менен референдумга байкоо жүргүзөт
09 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар тобу 11-апрелге дайындалган Конституциянын долбоору боюнча референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Координатор,Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Мили Мажлисинин конституциялык негиздерди, адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча комитетинин төрагасы Дилшод Рахмон жетектеген КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобу Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Белорустун парламенттеринин өкүлдөрүн, КМШ ПААнын Катчылыгынын жана КМШга катышкан мамлекеттеринин ПААсынын демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институтунун (ДӨБЭИ) өкүлдөрүн камтыйт.
КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекованын айтуусу боюнча эл аралык байкоочулардын сунуштары шайлоо тутумун өркүндөтүүгө, аны ачык-айкын жана анык кылууга жардам берет.
Жолугушуунун катышуучулары 2020-2021-жылдар ичиндеги Кыргызстандагы шайлоо процессинин жигердүү болгондугун белгилешти, жаштарды шайлоо процессине тартуу маселелерин талкуулашты жана алдыдагы шайлоолор өткөн жылдагы кризисти турукташтырууга көмөктөшөрүнө ишенгендигин билдиришти. КМШга катышкан мамлекеттеринин ПААсынын демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институту шайлоону жана шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу үчүн шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрүүнү сунуштады.
Дилшод Рахмондун айтуусу боюнча КМШ ПАА боюнча 8 мамлекеттен 54 байкоочу аккредитациядан өткөн. Эл аралык институттун эксперттери КРдин мыйзамдарын, анын ичинде референдум боюнча мыйзамдарын эл аралык стандарттарга ылайыктуулугун талдап, анын жыйынтыгы боюнча отчёт даярдашкан, ал отчёт жолугушууда КР БШКга тапшырылды. Миссия коомдук байкоочулар менен жолугушууларды өткөрдү. Миссиянын байкоочулары шайлоо участокторунда, анын ичинде чет өлкөлөрдө – Бакуда, Минскиде, Алматыда, Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскиде, Санкт-Петербургда, Дүйшөнбүдө, Берлинде жана Пекинде добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

