ТүркПА миссиясына алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр жөнүндө маалымат берилди
09 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында ведомство башчысы Нуржан Шайлдабекованын Түркиянын Улуттук жыйынынын депутаты Шекер Реджеп башында турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Эл аралык байкоочуларга алдыда – 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр жөнүндө маалымат берилди. Шайлоо жергиликтүү кеңештерге шайлоону апрелде жана октябрда өткөрүүнү бекиткен жаңы мыйзамдар боюнча алгач ирет өткөрүлөт.
Айылдык кеңештерге аялдардын квотасы биринчи жолу колдонулат. Айылдык кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү болгону 9%ды түзөт, ошондуктан өлкө аялдар үчүн 30 пайыздык атайын квота киргизди. Эми резервге калтырылган 2,9 миң орунга 5,3 миң аял б.а. бир орунга эки адам ат салышууда.
Экинчи өзгөчөлүк – каржылык айкындуулук. БШК сайтында шайлоо фонддорунун каражаттарынын кыймылы – фондго түшкөн каражаттардын булактары боюнча – партиянын фондуна качан, ким жана канча каражат төккөнү, чыгымдары боюнча – товар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн качан, ким жана канча каражат төлөгөнү тууралуу маалыматтар жума сайын жарыяланып турат.
Тараптар 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтырууга багытталгандыгын дагы белгилешти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
