БШК референдумга чыгарылган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алды

26 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы өз жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышында 1 100 000 (бир миллион жүз миң) нуска мамлекеттик жана расмий тилинде басып чыгаруу жөнүндө токтом кылды.

Чечим 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарды маалыматтык жактан камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-6-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү