Каракол шаарынын ЖМКларына жана ЖКУларына саясий каржылоого байкоо жүргүзүү жөнүндө айтылды
23 марта 2021
Каракол шаарынын ЖМКларына жана ЖКУларына саясий каржылоого байкоо жүргүзүү жөнүндө айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Каракол шаарында жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнө “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада тренинг өткөрдү.
Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө саясий каржылоого байкоо жүргүзүү, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда каралган талаптар иш жүзүндө канчалык натыйжалуу колдонулуп жана аткарылып жаткандыгын кандай түшүнүүгө болору жөнүндө айтып беришти.
ЖКУ жана ЖМК партияларды жана талапкерлерди каржылоо жөнүндө расмий отчёттордогу маалыматтарды талдап, ал талдоонун натыйжаларын жана отчётторун кийин жарыялоо менен маанилүү роль аткарышат. Ошондой иш-аракеттердин бир варианты – саясий каржылоого кызыккан, бирок толгон-токтой чийки маалыматтарды териштирүүгө убактысы жок калк жана/же журналисттер үчүн жеткиликтүү таризде маалыматтар базасын даярдоо.
Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы жайылтып жаткан каржылоодогу айкындуулук жөнүндө жаңы ченемдер колдонулуучу ушундай тариздеги алгачкы шайлоо болуп саналат. Анын ичинде саясий партиялардын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган каражаттары тууралуу маалыматтардын КР БШКнын расмий сайтына коомчулукка жеткиликтүү ачык жарыяланышы дагы бар.
ЖКУга төмөнкү маселелер боюнча маалымат берилди: шайлоо өнөктүгүнө чыгымдардын ар кандай түрлөрүнө кандай байкоо жүргүзүүгө болот; түшкөн жана чыгымдалган каражаттар боюнча мыйзам менен чектөөлөргө жана лимиттерге кандай талдоо жүргүзүү зарыл; саясий партиялардын жана талапкерлердин пайдасына кайрымдуулук кылуулары, ошондой эле шайлоо өнөктүгүнүн кызыкчылыктарына мамлекеттик же коомдук ресурстарды кыянат пайдалануулар.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү








