Бишкекте ЖМК жана ЖКУ өкүлдөрүнө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо чыгымдар сметасын түзүү өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылды
20 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Бишкекте “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жана жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү.
Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо чыгымдар сметасын түзүү өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Смета шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү төмөнкү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдарды камтыйт: шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана жабдыктардын операторлорунун кызматтык сапарларына жана окутуу иш-чараларына, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдар, жабдыктарды жана материалдарды жеткизүү, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо боюнча жабдыктарды, компьютердик техниканын комплектилерин, бюллетендерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдү, бюллетендерди, маалыматтык материалдарды, анын ичинде баннерлерди, кеңсе буюмдарын региондордун ичинде ташуу боюнча чыгымдар.
Бекитилген чыгымдар сметасы, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо тууралуу Каржылык отчёт мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланат.
Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишин, анын ичинде шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги ишин камсыздоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
Мамлекеттик сатып алуулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүдөн башка учурларда борборлоштурулуп (БШК деңгээлинде) ишке ашырылат.
БШК бардык операцияларды жана тиешелүү бардык каржы документтерин тариздөөнү борборлоштуруп жүргүзөт, сатып алынган жабдыктарды жана ТМБларды АШКларга бөлүштүрөт, аларды АШКлар өз кезегинде УШКларга бөлүштүрөт.
Шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контроль жүргүзүү үчүн БШКга караштуу көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөн.





КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
