“Ак Бата” саясий партиясы Бишкек АШКга даттануусун кайра чакыртып алды
16 марта 2021
Бүгүн – 2021-жылы 16-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында КРде шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ “Ак Бата” саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын аракеттерине даттануусун кайра чакыртып алгандыгы жөнүндө маалымат берди.
Жумушчу топ саясий партиялардын тизмелерин каттоо тартиби жөнүндө мыйзамдын, “Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Нускаманын ченемдерин түшүндүргөндөн кийин, ошондой эле талкуунун жүрүшүндө арыз ээси өз арызын кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобонун 3.1-пунктун жетекчиликке алып, Жумушчу топ “Ак Бата” саясий партиясы Бишкек АШКнын аракеттерине даттануусун кайра чакыртып алгандыгы жөнүндө КР БШКга маалымат берди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
