Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды

15 марта 2021

Бүгүн – 2021-жылы 15-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда шайлоо бюллетенге киргизүү үчүн кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Чүчүкулактын натыйжасы боюнча саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү:

  1. “Улутман” с/п
  2. “Ыйман Нуру” с/п
  3. “Биздин эл” с/п
  4. “ Кыргызстандын демократиялык кыймылы ” с/п
  5. “Замандаш” с/п
  6. “Улуу-Журт” с/п
  7. “Ишеним” с/п
  8. “Тандоо эркиндиги” с/п
  9. “Эл бийлиги” с/п
  10. “ Кыргызстандын коммунисттер партиясы” с/п
  11. “Социал-демократтар” с/п
  12. “Ата-Журт Кыргызстан” с/п
  13. “Республика” с/п
  14. “Айкөл Кыргызстан” с/п
  15. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы” с/п
  16. “Тынчтык” с/п
  17. “Кыргызстан” с/п
  18. “Кыргызстандын жашылдар партиясы ” с/п
  19. “Ак Бата” с/п
  20. “Кыргызстандын социалисттик партиясы” с/п
  21. “Бүтүн Кыргызстан” с/п
  22. “Эмгек” с/п
  23. “Реформа” с/п
  24. “Ынтымак” с/п
  25. “Патриот” с/п.

Чүчүкулакка катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.

Ошондой эле бул күндөрү республиканын 28 шаарында аймактык  шайлоо комиссиялары шаардык кеңештерге шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда шайлоо бюллетенге киргизүү үчүн кезек номурун аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүдө.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү