Ноокат жана Лейлек райондорундагы шайлоо участкаларынын эки дареги өзгөртүлдү
12 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 12-мартындагы жыйынында Ош облусунун Ноокат районундагы жана Баткен облусунун Лейлек районундагы шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү чечимин кабыл алды
Ош облусунун Ноокат району:
- No5416 шайлоо участогунун дареги Алашан айылынын А.Орозбеков көчөсүндөгү бала бакчанын имаратынан Алашан айылынын А.Орозбеков көчөсүндөгү Б.Матаипов атындагы орто мектебинин имаратына көчүрүлсүн.
Баткен облусунун Лейлек району:
- Кулунду айылындагы Ленин көчөсү, 56 дарегиндеги №8013-шайлоо участогу Кулунду айыл өкмөтүнүн К.Ниязматов көчөсү 6 дарегиндеги Маданият үйүнүн имаратына көчүрүлсүн.
Бул Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын №5416 жана №8013 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү тууралуу 2021-жылдын 26-февралдагы №8 жана марттагы №51-чечимдеринин негизинде кабыл алынды. Себеби “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарына ылайык шайлоо участокторунун имараттарынын абалы канааттандырарлык эмес абалда болгон.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
