КР БШКнын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

08 марта 2021

Урматтуу айымдар!

Жадыраган жаз майрамы – Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрѳктѳн чыккан куттуктоону кабыл алыңыздар!

Жаратылыш аял затына сулуулук жана назиктик менен бирге, Каныкей энебиздей кеменгерликти жана мээрмандыкты кошо берген.

Үй-бүлѳнүн касиеттүү куту болуу менен бирге, кесипкѳйлүктүн бийиктигин багындарып, илимде, маданиятта, спортто кыйла натыйжаларга жетишип, бизнести үзүрлүү аркалап, коомдук-саясий турмушка ийгиликтүү катышып келесиздер.

Аял затынын мээрмандыгы, бакубат жана байгер турмушка умтулуу сыяктуу сапаттары үй-бүлѳ үчүн гана эмес, жалпы мамлекетибиз үчүн ѳтѳ маанилүү, алар гуманизмге сугарылган, таразаланган чечимдерди кабыл алууга ѳбѳлгѳ болуп кызмат кылат.

Башкарууда аялдардын ѳкүлчүлүгү Конституиция жана шайлоо мыйзамдары менен кепилденген. 2019-жылдын августунда күчүнѳ кирген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамды кабыл алуу менен айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн 30% резерв кепилденген жана мындай механизмди пайдалануунун ийгиликтүү тажрыйбасы 2019-жылдын сентябрында болуп ѳттү.

Быйылкы жылы алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота иш жүзүндѳ биринчи ирет бүткүл ѳлкѳ боюнча жүзѳгѳ ашырылат. Бул процесс бардык деңгээлде саясий колдоого ээ болуп жатканы ѳтѳ кубанычтуу, бул мындай норманы иш жүзүндѳ ийгиликтүү жүзѳгѳ ашыруу мүмкүнчүлүгүн жаратып, аялдардын ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун дагы кеңейтүү үчүн ѳбѳлгѳ жаратууда.

Биз ар дайым камкордугу жана колдоосу үчүн, үй-бүлѳлүк жана турмуштук маанилүү маселелерди чече билгендиги үчүн, ѳз иштериндеги кесипкѳйчүлгү үчүн энелерибизге, эже-карындаштарыбызга, курбуларыбызга ыраазычылык билдиребиз, ошондой эле аял затынын ѳзүбүздүн айылдар жѳнүндѳ, жашаган конушубузду жашылдандырып кѳрктѳндүрүү, социалдык коргоо жана жардам кѳрсѳтүү маселесинде, жаратылыш ресурстарын кошуп алганда, ѳзүбүздүн каражаттарды жана менчиктерди башкарууга, жалпы бакубат турумушубузду жакшыртууга салым кошуп, камкордугун ийгилктүү уланта берүүсүн каалайбыз.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында ар бир эркек адамы ѳзүнүн энелерине, эже-карындаштарына, жубайларына, кыздарына, курбуларына айылдык кеңештин депутаты болууга кѳмѳктѳшүп, мындай чечимди колдоого алуусун каалар элек, бул ѳзүнүн үй-бүлѳсү, айылы, ѳлкѳсү үчүн кам кѳрүүнүн үлгүсү болор эле.

Ошондой эле мындай демилгенин жүзѳгѳ ашышы кѳп жагынан кѳз каранды болгон жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына жана аймактык шайлоо комиссияларына кайрылабыз. Келгиле, аял-талапкерлерди колдоп, аларга кѳмѳк кѳрсѳтүп, мына ушул реформаны чогуу-чаран ийгиликтүү ишке ашыралы.

Аял затына да кайрылабыз. Урматтуу кыз-келиндер, айымдар, ѳзүңүздѳргѳ терең ишениңиздер, ѳлкѳнүн турмушуна активдүү катышып, биздин Кыргызстандын дагы жакшы, дагы ийгиликтүү, дагы байгер болушуна ѳз салымыңыздарды кошуңуздар.

Биз сиздердин колдоого жана Сиздердин катышууңуздарга муктажбыз, биз сиздердин үй-бүлѳдѳ жана ѳз ишиңиздерде гана эмес, коомдук-саясий турмушта да ѳзүңѳрдү кѳрсѳтѳ билүүңүздѳрдү ар дайым колдойбуз. Айылдык кеңештин депутаттыгына ѳзүңүздѳрдү кѳрсѳтүп, ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүнѳ ѳз салымыңыздарды кошуңуздар!

Урматтуу айымдар!

Сиздердин жадыраган жаздан алгачкы гүлдѳрүндѳй жайнаган майрамыңыздардын шаңы, жакындарыңыздын жүрѳк толкуткан куттуктоосу жана ыраазычылыгы бүткүл ѳмүрүңүздү коштоп жүрсүн. Сиздерге ак сүйүү, ден-соолук, бакубатчылык, ак-пейил жазгы маанай каалайбыз!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы