Биометрикалык маалыматтарын тапшырса, Бишкек шаарынын калкынын 11,5% шайлоочу боло алат
04 марта 2021
2021-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Н. Шайлдабекованын төрагалыгы астында Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруу иштерин чечүүгө көмөктөшүү максатында, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоо боюнча Бишкек шаардык штабынын жыйыны болуп өттү.
Жыйын Бишкек шаарынын мэри Б.Кудайбергеновдун, шаардык кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, АШКлардын жана УШКлардын жетекчилеринин катышуусу менен болду.
Жыйында жаңы регламентке ылайык, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү декабрь же январь айларында аяктагандыгына карабастан, ушул жылдын апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болору белгиленди.
Учурда Бишкек шаарында 1 053 915 жаран жашайт, алардын ичинен 416 749 адам шайлоочулардын тизмесинде катталган, же болбосо Бишкек шаарынын тургундарынын жалпы санынын 39,5% бар. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2016-жылы 958 500 жаран жашаган учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 310 530 шайлоочу же 32,4% жаран катталган. Шайлоочулардын тизмесинин көбөйүшү БШКнын жана мамлекеттик органдардын калктын биометрикалык каттоодон өтүүсүн көбөйтүү боюнча жүргүзгөн иштерине байланыштуу.
Ушул тапта Бишкек шаарынын аймагында 228 шайлоо участкалары жана 1 шайлоо округы түзүлгөндүгү айтылды (2016-жылы - 2152 жана 1361). Бишкек шаары боюнча депутаттык мандаттардын саны 45ти түзөт.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 27 саясий партия талапкерлердин тизмесин тапшырды. Жалпы көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 2021ди түзсө, анын 828и аялдар.
БШКнын башчысы жарандардын биометрикалык каттоодон өтүүсүнүн актуалдуулугу жөнүндө маселе көтөрдү.
«Бишкек шаарында өткөн шайлоодо 310 миң шайлоочу тизмеге киргизилген, учурда 416 миң шайлоочу бар жана алардын бардыгы мыйзамдын чегинде Бишкек шаарынын райондоруна бөлүштүрүлгөн. Бирок белгилүү нюанстар бар, алар боюнча иштерди күчөтүү керек. Бүгүн жыйын Мамлекеттик каттоо кызматынын, Калкты каттоо департаментинин жана шаардык кызматтардын жетекчилигин бириктирди. Форма 2 боюнча жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, ал пара алуу үчүн дагы колдонулган, бирок ал жашаган жери менен каттоосунун айырмачылыгын жоюу максатында иштелип чыккан. Жарандардын ыңгайлуу жерде добуш берүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүн партиянын талапкерлери кыянаттык менен пайдаланышкан.
Жалпысынан республиканын 344 миң жараны биометрикалык каттоодон өтпөсө, Бишкек шаары боюнча бул көрсөткүч 53 911 адамды түзөт. Башкача айтканда, Бишкек шаарынын калкынын 18 жаштан жогору, шайлоочу болушу мүмкүн 11,5% калкы, биометрикалык маалымат тапшырбагандыгына байланыштуу тизмеден тышкары бойдон калууда. Ошондой эле 7 миң 799 жарандын 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар, анда бир каттоо дареги паспорттун чипине, дагы бири дарек жана маалымдама базасына жазылат. Башкача айтканда учурдагы каттоо паспорттогу маалыматтарга дал келбейт.
Биз бул боюнча иштей алабыз, Мамлекеттик каттоо кызматы муниципалдык администрациялар, Бишкек шаарынын райондору боюнча бөлүштүрүлгөн бардык тизмелерди берүүгө даяр. Ар бир турак жаңы конуштарда иш алып баруу керек, ар бир райондун акимдери бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, Мамлекеттик каттоо кызматы, Бишкек шаарынын администрациясы менен тыгыз кызматташып, көчмө сапарларда иштеши керек. Бишкекте калкты тейлөө борборлорунун саны жетиштүү, алар ыңгайлуу жайгашкан. Шайлоолорду кеңири өткөрүү жана баарына добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн муну жасаш керек. Албетте, бул жарандын биометрикалык маалыматтарды тапшыруу же тапшырбоо укугу, ошондой эле жарандардын конституциялык укугу - шайлоо жана шайлануу укугу», - деди ал.
