Бир дарекке 10дон ашык адамды каттоодо укук коргоо органдарына кабар берилет

04 марта 2021

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Н. Шайлдабекова жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мияров 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын отурумун өткөрүштү.

Жолугушууга Токмок шаарынын вице-мэри А.Чотбаев, Чүй районунун акими М.Осмоналиев, Ысык-Ата районунун акими Р.Тайгашкаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана БШКнын Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондору жана Токмок шаары боюнча атайын өкүлдөрү, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары  катышты.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жыл бою ар кайсы мезгилдерде, мөөнөтү бүткөндөн кийин, жыл бою өткөрүлүп келгендиги айтылды. Ушул мезгилде жергиликтүү кеңештерде бирдиктүү шайлоо округдары түзүлүп, б.а. жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо бир күнү өткөрүлөт.

Алдыдагы Ысык-Ата районундагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 1 шаардык жана 18 айылдык округдарда, 69 шайлоо участкаларында жана 61 шайлоо округдарында шайлоо болот. Учурда шайлоочулардын саны 94 296 адамды түздү, бул 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде катталгандан 16317 шайлоочуга көп. Депутаттык мандаттардын саны 309 болсо, анын 78и аялдар.

Кемин районунда шайлоо 2 шаарда өтөт жана 8 айылдык кеңеш, 19 шайлоо округу жана 27 шайлоо участкасы түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмеси 2016-жылга салыштырмалуу 5135 жаранга көбөйүп, 31 033 шайлоочуну түздү. Мандаттардын саны 130, анын 35и аялдар үчүн бекитилген.

Аламүдүн районунда 16 айылдык кеңеште шайлоо өткөрүлүп, 57 шайлоо участогу, 55 шайлоо округу түзүлдү. Шайлоочулардын жалпы саны 101 672 шайлоочу болсо, 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 24 445 адамга көбөйгөн. 296 депутаттык мандаттын 100ү аялдар үчүн сакталган.

Н. Шайлдабекова жарандардын шайлоо укугу менен аларды камтууну жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу билдирди.

“Кыргыз Республикасында шайлоодо добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгү жана шайлоочулардын тизмесин түзүү биометриканын негизинде түзүлөт. Ушул учурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны Ысык-Ата району боюнча 5335 адам, Кемин району боюнча 2899 адам, Аламүдүн району боюнча 11137 адамды түзөт. Бул жарандарга биометрикалык маалыматтарын тапшырууга жана шайлоого катышуу боюнча конституциялык укугун ишке ашырууга жардам берүү максатында БШК, МКК менен биргеликте, ПРООНдун колдоосу менен 20-мартка чейин Кыргызстандын шаарлары менен айылдарын кыдырган маалымат автобустарын уюштурду. Алар биометрикадан өтүп, паспортун алмаштырууга арыз бере алышат, шайлоо боюнча суроолорго жооп ала алышат», - деди ал.

Төрага ошондой эле алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жаңылыктары, анын ичинде шайлоочулардын тизмесин түзүү менен байланышкан коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

«Жаңы эреже боюнча, эгер бир дарек боюнча 10дон ашык адам катталса, анда Мамлекеттик каттоо кызматына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, укук коргоо органдарына кабар берилет, алар бул фактыга жооп бериши керек болот. Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтор жеринде иштешет», - деди ал.

КР БШК маалымат бөлүмү