Көчмө автобустар Көк-Ой жана Нуржанов айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына барышты

04 марта 2021

Өлкөнүн калкынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өнөктүгүнүн алкагында, Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой жана Нуржанов айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдаланышты.

Жалпысынан Талас облусунун Талас районунда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны 3286 адамды түзөт.

Калкты биометрикалык каттоо менен камтууну кеңейтүү максатында 11 мобилдик автобус өлкөнүн бардык алыскы аймактарын кыдырып, анын негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоолордо жана референдумдарда добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгү камсыздалмакчы.

Мобилдик автобустар 2021-жылдын 20-мартына чейин биометрикалык каттоону чоң форматтагы өнөктүк аркылуу колдой берет.

Мобилдик автобустардын аймактар боюнча кетүү графиги менен бул жерден таанышууга болот. 

КР БШК Маалымат бөлүмү