Бишкекте КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тегерек үстөл өттү
03 марта 2021
2021-жылдын 3-мартында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекованын, мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн бейөкмөт коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана ЖМК катышуусунда "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары" аталган тегерек столу болуп өттү. Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын БШКсына шайлоо мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүүгө, жарандардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга, каржылоонун ачык-айкындуулугуна, шайлоо фонддорунун, шайлоо укуктарынын бузулушуна натыйжалуу каршы туруу жана шайлоо комиссияларынын потенциалын жогорулатууга багытталган сунуштар талкууланды. Кыргыз Республикасынын БШК төрайымы Н. Шайлдабекова мониторингдин натыйжалары каталар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүгө жана андан ары өркүндөтүүнү талап кылган суроолорго жоопторду бергендигин белгиледи. «Шайлоонун натыйжалары боюнча тегерек стол адаттагыдай эле шайлоо жараянын жакшыртуу жана өркүндөтүү, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча пикир алуу максатында өткөрүлөт. Өткөн шайлоо өнөктүгүндө шайлоо процесстеринин көптөгөн нюанстарына жана өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, мониторингидин мазмуну жана сапаты жакшыргандыгын белгилегим келет. Өзгөчө 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын ишке ашырууга акыркы мыйзамдык өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, бул процесс жакшырды. Шайлоо процессинин бир катар конкреттүү маселелери боюнча БШК менен коомдук байкоочулардын ортосунда түшүнүккө жетишилди. Сапаттуу байкоо жүргүзүү абдан маанилүү, анткени компетентсиз мониторинг жана бир жактуу жыйынтыктарды жарыялоо шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда чыр-чатактардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн ”. Анын пикиринде, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу коомдук пикирдин калыптанышына, ошондой эле шайлоочуга ишенимдүү маалымат жеткирүүгө таасир этет. Бул үчүн алар компетенттүү жана ишенимдүү булакты айырмалай билиши керек жана шайлоочуга туура, такталган маалыматты жеткириши керек. «Белгилей кетүүчү нерсе, бардык эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУ / ДИАУБ миссиясы жана ЕККУ ПА биргелешкен алдын-ала отчетунда Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жогорку деңгээлде өткөндүгүн моюнга алышты. Шайлоо тутуму өркүндөлүү процессинде, шайлоо жараянынын ишенимдүүлүгү жана ачык-айкындуулугунда чоң жетишкендиктер бар, жарандар өзүлөрүнүн катышуусун аныктап турган эркин шайлоолордун мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз бардык сунуштар боюнча тынымсыз иштеп жатабыз, өркүндөтүүнү талап кылган маселелерди эске алып, аларды менен иштешүүгө даярбыз.
Веб-сайттардын жана АСУнун иши ар бир шайлоодо дайыма көңүл бурууну талап кылат, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында, бардык маалымат базаларын камтыган техникалык шаймандарыбыздын кубаттуулугу жогорулады», - деди БШК төрайымы. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө презентация жасашты.
"Жалпы иш" КФ төрагасы Аида Сүйүндүева: "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча корутунду отчету" менен баяндама жасады. БШК тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун ишине мониторинг жүргүзүү жөнүндө сөз кылып, алардын ачыктыгын, ошондой эле БШКнын маалыматтык ресурстарынын эл аралык байкоочулар тарабынан жогору баалангандыгын белгиледи. "Таза Шайлоо" ассоциациясынын юристи Тимур Арыков "Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн негизги аспектилери" деген презентациясында, шайлоо жагымсыз эпидемиологиялык жана саясый кырдаалда өткөрүлгөнүнө карабастан, уюмдун мүчөлөрү шайлоонун деңгээлин демократиялык шайлоонун шарттарына ылайык деп белгилешти. “Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондунун улук юристи Айжамал Джаныбаева “2021-жылдагы президенттик шайлоо учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына мониторинг жүргүзүү” деген темада презентация жасап, мониторингдин жүрүшү жана анын натыйжалары жөнүндө айтып берди.
"Социалдык технологиялар агенттигинин" аткаруучу директору Зульфия Көчөрбаева “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого гендердик мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары” презентациясында өткөн шайлоолордогу гендердик теңсиздикке тынчсыздануусун билдирди. "Айрым категориялардын шайлоочулары" үчүн, башкача айтканда ден соолугунан кемтилгеси бар жарандар үчүн шайлоо кандай өткөндүгүн "Эгль" КФ укуктук эксперти Мирлан Медетов айтып берип, алар үчүн шарттар жакшыргандыгын белгиледи.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү




