Жалал-Абад облусундагы саясий партиялардын өкүлдөрүнө добуш берүүнүн ишенимдүүлүгү кандайча камсыздалаары айтылды

02 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад, Көк-Жаңгак жана Базар-Коргон шаардык кеңештерине шайлоочулардын тизмесин берген саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо процессинин негиздери боюнча семинар өткөрдү. Шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча окутуу Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө.

Катышуучуларга 2021-жылдын 11-апрелинде 448 жергиликтүү кеңештин, анын ичинде 28 шаардык кеңештин, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боло тургандыгы айтылды.

«2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 1 274 923 шайлоочуга көбөйүп, 3 563 574 адамды түздү. Учурда КР БШК МКК менен биргеликте биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү боюнча толук масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат. Бул үчүн атайын автобустар 20 күндүн ичинде 130 шаарды жана аймактарды кыдырып, жарандарга биометрикалык маалыматтарын тапшырууга, паспорт алмаштырууга шарт түзүп беришет, мындан башка жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча кызыккан суроолорун беришет ”, - деди КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова.

Жолугушууда белгиленгендей, буга чейин шайлоо алдында түзүлүп жана жүктөлүп келген шайлоочулардын тизмеси https://tizme.gov.kg//  сайтында шайлоо участкаларынын чектери боюнча бөлүнүп, ар дайым жеткиликтүү болуп келүүдө. Бул шайлоо жараянынын ачык-айкын болушу үчүн маанилүү, эми шайлоо аралыгындагы туруктуу ачык тизме ай сайын, шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыланып турат. Ошондой эле тизмелердеги тактоо мөөнөтү 20 күнгө көбөйтүлдү.

Саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоодо добуш берүүнүн ишенимдүүлүгү добуш берүү күнүндө берүүчү тармактарга туташтырылбаган автоматтык түрдө эсептөөчү урналар менен камсыздалары; добуш берүүнүн купуялуулугун жайылтышпай тургандыгы айтылды. Маалыматтар жөнөтүүнүн алдында шифрленет жана коопсуз байланыш каналдары аркылуу жиберилет.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочулардын идентификациясы жана автоматтык түрдө эсептөөчү урналар боюнча баштапкы, акыркы чектер участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, Борбордук шайлоонун комиссиясынын борбордук серверине автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды сканерлөө менен жөнөтүлөт. Добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтарды берүү (тармакка кошулгандан кийин) автоматтык режимде байланышсыз жүргүзүлөт, бардык отчеттор протокол.shailoo.gov.kg порталында жарыяланат.

Ошондой эле идентификациялоочу шаймандар шайлоодо колдонулат - идентификациялоочу шаймандардын топтомдору тышкы таасирсиз жетүү объектиси болуп саналат. Маалыматтар шифрленген, жөнөтүү мүмкүндүгү жок, интернет тармактарына туташкан эмес.

КР БШК автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын операторлорун, ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн системалуу түрдө окутуп, мыйзамдуулуктун принциптерине негизделген шайлоону өткөрүү үчүн, коомдук байкоочулар менен жигердүү кызматташып жатканы айтылды.

Катышуучулар шайлоо жараянынын бардык этаптары, анын ичинде үгүт жүргүзүү эрежелери жана партиялардын/талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоонун ачыктыгын камсыз кылуу эрежелери жөнүндө маалымат алышты.

Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосу үчүн шайлоо фонддорун төмөнкү тартипте каржылоого көңүл бурулду.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн экендиги белгиленди.
1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өздүк каражаттары, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпашы керек; 2) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган саясий партиянын жеке каражаттары;
3) эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаган жеке адамдардын кайрымдуулук каражаттары;
4) эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттары. Шайлоо фондусунун эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын максималдуу суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150 000 эседен ашпашы керек.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шаарларды кошпогондо, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өздүк каражаттары, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашпайт;
2) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган саясий партиянын жеке каражаттары;
3) эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаган жеке адамдардын кайрымдуулук каражаттары; 4) эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттары.
Шайлоо фондусунун эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын максималдуу суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50 000 эседен ашпашы керек.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү