БШК Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
25 февраля 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы жыйынында Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.
Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссия курамынан “Кыргызстан” саясый партиясынын өкүлү Рахманов Кыязбек, жергиликтүү башкаруу органдарынан Абдималик уулу Абибилла, Айбек Абдивалиев чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү Кылыч Коңурбаев, Узбекбай уулу Нуридин, Аида Мамаражапова чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органдарынан Бактыгүл Сапиева, Рахман Сражов, Эсеналы уулу Ысманалы киргизилсин;
Талас облусундагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү башкаруу органынын өкүлү Гүлбарчын Жумабаева чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен жергиликтүү башкаруу органынын өкүлү Сапарбай Акымбеков чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органынын өкүлү Роза Норузбекова киргизилсин.
Чечим Чоң-Алай жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндөгү арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18—19-22-беренелерине, “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2011-жылдын 18-октябрында №375-токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө” жобого ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
