БШК Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
25 февраля 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-февралындагы жыйынында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алды.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2021-жылдын 22-февралындагы № 01 буйругу менен Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбеков Нургазы Чолпонкулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3-токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндөгү» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2021-жылдын 16-мартына дайындады.
Шайлоо саат 9дан 12ге чейин өтөт.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүнү КР мыйзамдарына жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы токтомуна ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүү тапшырылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
