БШК Кемин жана Кадамжай райондорунда саясый партиялар үчүн тренингдерди өткөрдү

25 февраля 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кемин жана Кадамжай шаарларындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүк алкагында шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү жана даярдоо мезгилинде ишенимдүү жана ачык өткөрүүнү камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Орловка, Кемин жана Айдаркен шаардык кеңештеринин депутаттагына талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун эрежелери, талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддору жана шайлоо кампаниясын финансылоо тууралуу айтып беришти.

Тренингдин катышуучуларына шайлоолордогу үгүт иштерин өткөрүүнүн эрежелери, атап айтканда талапкерлердин агитациялык материалдарынын 1 пайыздан кем эмеси кемтилгеси бар адамдар үчүн болушу, башкача айтканда Брайль шрифти менен басылып, көрбөгөн жарандар үчүн аудиоформаттар, сурдокотормо жана роликтерди субтитрлөө менен камсыздоо тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда көчөлөрдө жана стадиондордо маданий-массалык иштерди өткөрүүгө тыюу салынганы да айтылды. Тыюу салуунун максаты шайлоочунун тандоо эркине финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн таасирин азайтуу.

“Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тарта башталып, шайлоого 40 календарлык күн калганда, айылдык кеңештерге шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда бүтөт. Талапкерлерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештер үчүн саясый партияларга; айылдык кеңештер үчүн саясый партияларга жана өзүн-өзү көрсөткөн жарандарга тиешелүү. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө бир жыныстагы адамдардын болушу 70 пайыздан ашпашы керектигин, ошол эле учурда саясый партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкер аялдардын жана эркектердин тизмедеги кезектериндеги айырмачылык эки позициядан ашпашы керектигин саясый партиялар эске алышы зарыл”, - деп билдирди КР БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу Адилет.

Окутуучу иш-чаралар республиканын бардык облустарындагы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн өткөрүлүп турат.

БШК Маалыматтык бөлүмү