Бишкек АШКсы бир нече партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
17 февраля 2021
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-февралындагы отурумунда “Кыргызстан Жашылдар партиясы” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин кабыл алды:
- Шайлоолор боюнча – Мырсаканов Мырзаболот Усенбекович,
- Каржы маселеси боюнча – Ниязова Феруза Мырзамамытовна.
Ошондой эле, Бишкек АШКсы 2021-жылдын 15-февралындагы отурумунда төмөндөгү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин кабыл алды:
“Ыйман-Нуру” өнүктүрүү жана адилет партиясынан:
- Шайлоолор боюнча – Эркабаев Нурбек Турдиалиевич,
- Каржы маселеси боюнча – Акматова Айнура Жапаровна.
“Эмгек”:
- Шайлоолор боюнча – Узюров Максат Орозбекович,
- Каржы маселеси боюнча – Омуралиева Мээрим Замирбековна.
“Бүтүн Кыргызстан”:
- Шайлоолор боюнча – Топбаев Салык Асанбекович,
- Каржы маселеси боюнча – Полотов Мирлан Шамшиевич.
“Улуу Журт”
- Шайлоолор боюнча – Шерикбай уулу Талас,
- Каржы маселеси боюнча – Карабаева Гулиза Расулбековна.
Чечим кабыл алынган документтердин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык чыгарылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
