2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү алкагында саясий партияларды окутуу
22 февраля 2021
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоолорду анык жана ачык-айкын ѳткѳрүү жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен ѳнѳктѳштүктѳ, бекитилген графикке ылайык 2021-жылдын 22-апрелинен 6-мартына чейин шайлоо процессинин олуттуу маселелери жана багыттары боюнча талапкерлердин билимин жакшыртуу максатында жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынын депутаттыгына талапкерлер үчүн окутуу иш-чарасын жүргүзѳт.
Окутуу иш-чарасы шайлоо ѳтүүчү жерлерде саясий партияларды жана талапкерлерди тѳмѳнкүлѳргѳ байланышкан маселелерге маалымдоого жана окутууга багытталган:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууда мыйзамдык негиздерге,
- 448 жергиликтүү кеңештерде ѳтүүчү учурдагы шайлоолордун ѳзгѳчѳлүгүнѳ,
- электрондук талапкер, тизмелерди актуалдаштыруу, добуш берүүгѳ катышкандар жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды чагырдыруу сыяктуу КР БШК маалыматтык ресурстарына ,
- талапкерлерди кѳрсѳтүү жана каттоо эрежелерине,
- шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун, талапкерлердин, саясий партиялдардын шайлоо фонддорун түзүүнүн эрежелерине,
- шайлоо ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерине,
- шайлоодогу талаш-тартыштарга, аларды кароонун жана чечүүнүн тартиптерине,
- КР шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке.
Шайлоону уюштуруучулар менен талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда кеңири диалог түзүү үчүн жер-жерлердеги шайлоо процессинин маселелерин жана багыттарын кеңири түшүндүрүү максатында тренингге КР БШКнын мүчѳлѳрү катышат. Мындай тренингдер шайлоо ѳтүүчү бардык шаардык кеңештерде ѳткѳрүлѳт.
|
Шайлоо ѳнѳктүгүнѳ катышуу жана аны каржылоо жана шайлоодогу талаш-тартыштар маселелерине окутуунун графиги |
||
|
Ш.к. аталышы |
Өткѳрүлѳ турган жери |
Өткѳрүү датасы |
|
Түндүк аймактары |
||
|
Талас шаардык кенеши |
Талас ш. |
2021-ж. 22-февралы |
|
Токмок шаардык кеңеши |
Токмок ш. |
2021-ж. 24-февралы |
|
Орловка шаардык кенеши |
г. Кемин |
2021-ж. 25-февралы |
|
Кемин шаардык кенеши |
||
|
Балыкчы шаардык кенеши |
Чолпон-Ата ш. |
2021-ж. 26-февралы |
|
Чолпон-Ата шаардык кенеши |
||
|
Каракол шаардык кенеши |
Каракол ш. |
2021-ж. 27-февралы |
|
Нарын шаардык кенеши |
Нарын ш. |
2021-ж. 1-март |
|
Шопоков шаардык кенеши |
Шопоков ш. |
2021-ж. 3-март |
|
Кайыңды шаардык кенеши |
Кайыңды ш. |
2021-ж. 4-март |
|
Кант шаардык кенеши |
Кант ш. |
2021-ж. 5-март |
|
Бишкек шаардык кенеши |
Бишкек ш. |
2021-ж. 6-март |
|
Түштүк аймактары |
||
|
Сүлүктү шаардык кенеши |
Исфана ш. |
2021-ж. 22-февралы |
|
Исфана шаардык кенеши |
||
|
Баткен шаардык кенеши |
Баткен ш. |
2021-ж. 24-февралы |
|
Айдаркен шаардык кенеши |
Кадамжай ш. |
2021-ж. 25-февралы |
|
Кадамжай шаардык кенеши |
||
|
Ош шаардык кенеши |
Ош ш. |
2021-ж. 26-февралы |
|
Кызыл-Кыя шаардык кенеши |
Ноокат ш. |
2021-ж. 27-февралы. |
|
Ноокат шаардык кенеши |
||
|
Өзгѳн шаардык кенеши |
Өзгѳн ш. |
2021-ж. 1-март |
|
Жалал-Абад шаардык кенеши |
Жалал-Абад ш. |
2021-ж. 2-март |
|
Кѳк-Жаңгак шаардык кенеши |
||
|
Базар-Коргон шаардык кенеши |
||
|
Кочкор-Ата шаардык кенеши |
Майлу-Суу ш. |
2021-ж. 3-март |
|
Майлуу-Суу шаардык кенеши |
||
|
Кербен шаардык кеңеши |
Кербен ш. |
2021-ж. 5-март |
|
Кара-Кѳл шаардык кенеши |
Кара-Кѳл ш. |
2021-ж. 6-март |
Тренингге катышуу үчүн бардык маселелер боюнча тѳмѳндѳгү байланыш маалыматтары (W/app) боюнча байланышса болот:
- Бермет Дюшенбиева, тел. 0552577977 – жалпы жана координациялык маселелер боюнча;
- Тахмина Аликбаева, тел.0708 210 010 – түндүк аймактарда ѳтѳ турган тренингге катышуу маселеси боюнча;
- Нуржан Мамыралиева, тел. 0779 059 111 – түнштүк аймактарда ѳтѳ турган тренингге катышуу маселеси боюнча.










