БШК жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүүлүлүгүнө ЖӨАБнын көңүлүн бурду

12 февраля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен онлайн-отурум өткөрдү, анда алдыда өтө турган 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин, Өнүктүрүү саясат институту, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы жарлыгына ылайык, шайлоолор 448 жергиликтүү кеңештерде, анын ичинде 28 шаардык, 420 айылдык кеңеште өткөрүлөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, алдыдагы шайлоодо ар бир айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайызы аялдар үчүн сакталат. Жалпысынан 8 286 депутат шайланат, анын ичинен 2 856 мандат гендердик квота менен бөлүштүрүлөт.

Бардык шайлоочулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (ДМЧА) үчүн шайлоо максималдуу жеткиликтүү болуусу белгиленди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө ачык-айыкндуулуктун кепилдиги белгиленген процессте санитардык-эпидемиологиялык коргоо чараларын камсыз кылуу, анын ичинде жайларды камсыздоону жогорку деңгээлде уюштуруунун зарылдыгы тууралуу багыт берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ж.Бакиров республикалык штаб жакынкы күндө ачылаарын, аны менен БШК жана өкмөт тыгыз кызматташтыкта иштеши керектигин билдирди. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору Ө.Алманбетов, алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алкагында болочок депутаттар үчүн окутуулар уюштурулганын билдирди. Ошондой эле, ЖӨАБ КРнын БШК менен бирдикте саясий партияларды окутуу учурунда негиз катары пайдаланууга эки тилде оптималдаштырган талаптарды камтыган колдонмо иштеп чыгышты.

БШК жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештин депутаттыгына бардык талапкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү камсыздай тургандыгы баса белгиленди.

 

КР БШК Маалыматтык бөлүм