БШК Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
18 февраля 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 18-февралындагы отурумунда Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Анаров Саатбек Гапарович ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу, Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 9-мартына дайындоо жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү чечимин кабыл алды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
