БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктарды аныктады
16 февраля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары "РСК Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААКсын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы УП №21 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Контролдук-ревизиондук тобуна, КР жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо өтө турган аймактарда банк мекемелеринин жеткиликтүүлүгүн изилдөө жана талапкерлердин, саясый партиялардын атайын эсептери боюнча башка банк мекемелерин аныктоо боюнча сунуш берүү тапшырылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
