Эл аралык уюмдар БШКны демократиялык процесстерди бекемдөөсүн колдоого даяр экенин билдиришти
09 февраля 2021
Бүгүн 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди талкуу багытында эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин (ЕККУ ПО) башчысы Пьер фон Аркс, КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдуму өткөнү менен БШКны куттуктады.
“Мен 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоону жана референдумду жакшы уюштурганы үчүн БШКны куттуктаймын. ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ) жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы (ЕККУ ПА) алдын ала корутундуларында, БШК тарабынан мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо, ошондой эле референдум, жалпысынан жакшы уюштурулган.
Шайлоо жана референдум учурунда он-лайн режиминде отурумдар түз эфирде көрсөтүлүп, шайлоонун жүрүшүндөгү ачык-айкындуулукту арттырды. ЕККУ жана Бишкектеги Программалык офиси (ЕККУ ПО) Кыргызстанда Эл аралык милдеттемелерге жана ЕККУнун милдеттемелерине ылайык өлкөдөгү демократиялык шайлоо процесстерин мындан ары дагы колдоорун баса белгилегим келет”-деп билдирди ал.
ПРООНдун Туруктуу өкүлүнүн программалык кеңешчиси Эркинбек Касыбеков дагы шайлоо иш-чаралардын өткөнү менен БШКны куттуктады.
“БУУнун Өнүктүрүү Программасы апрель айында боло турган шайлоонун ачык-айкын, шайлоо процесстери Эл аралык стандартка ылайык демократиялык жолдо өтүшүнө колдоо көрсөтөт” – деп баса белгиледи.
Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана референдумдун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.
“Шайлоо системасын реформалоонун негизинде өткөн шайлоонун купуялуулугу жакшыртылып, шайлоочулардын тизмесине дагы көп жарандар киргизилди. Шайлоочулардын катышуусу 39,16% түздү. Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык 2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы санынын 47,59%ын – аялдар, ал эми 52,41%ын эркектер түзгөн. Бирок добуш берүүдө эркектердин жигердүүлүгү жогору болуп 43,05%ын түзсө, аялдын активдүүлүгү 35,78 %ды түздү. Жаштардын шайлоого болгон кызыгуусунун төмөндөшү көңүлдү чөгөрүүдө. Эгерде 2017-жылдагы президенттик шайлоого 30 жашка чейинки 440 миң шайлоочу катышкан болсо, 2020-жылда – 294 миң жаш шайлоочулар катышкан. Жалпы тизмеде жаш шайлоочулардын үлүшү 32%ды түзсө, добуш бергендер болгону – 22%ды түзгөн.
Ал эми, ДМЧАлар үчүн шайлоо жеткиликтүү болушуна байланышкан Керектөө карталарын түзүү жана ар бир участокто мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алуу практикасы улантылды. Шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгү парламенттик шайлоого салыштырмалуу жогорулады: 75%дан 85%га. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маселесин талкуулаган Өкмөттүн күн тартибинде шайлоодо ДМЧАга жеткиликтүүлүк маселеси негизгилерден болду”.
Боршайкомдун башчысы шайлоо процессиндеги ачык-айкын каржылык камсыздоо боюнча токтолду.
“БШК талапкерлердин шайлоо фондусунун толук айкындуулугун камсыздай алды, шайлоо фонду боюнча шайлоочулар үчүн маалыматтын ачык – айкындуулугу түзүлүп, талапкерлер үчүн иреттүүлүк, салык салуу, кирешелердин мыйзамдуулугу сыяктуу маселелерди кароочу мамлекеттик органдарга маалымат берилди. Азыркы учурда шайлоо фонддору жана Боршайком тарабынан бюджеттин сарпталышы жөнүндө маалымат берүү үчүн туруктуу негизде иштей турган автоматташтырылган аянтча түзүү иштери жүрүп жатат” –деди Нуржан Шайлдабекова.
Ошондой эле ал, өткөн шайлоодо укук коргоо органдары менен иштөөнүн жаңы форматы киргизилгенин белгиледи.
“Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун алкагында тартипти камсыздоо багытындагы көп маселелерди чечүүгө мүмкүн болду. Өкмөт тарабынан жарыяланган массалык паракорчулукка жана административдик ресурстарга жол бербөөдөгү саясий эрктин аркасында парламенттик шайлоодо ишке ашпай калган милдеттерди чечүүгө мүмкүн болду. Мыйзам бузууларга натыйжалуу чара көрүлгөнүн, парламенттик шайлоо учурундагы добуш сатып алуулар боюнча тергөө амалдарынын аягына чыгышын белгилөөгө болот. Албетте, жарандардын добуштарын сатуудан баш тартуусу, талапкерлердин да добуш алуунун мындай ыкмасынан баш тарткан позициялары маанилүү ролду ойноду”, - деп билдирди КРнын БШКнын башчысы.
ПРООНдун шайлоолор боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова офистин шайлоо процесстерине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
“Биз МККдан (Мамлекеттик каттоо кызматынан) шайлоочулардын биометрикалык идентификациялоо функциясын БШКга өткөрүүдө шайлоочуларды каттоодо идентификациялоо операторлорун окутууну, кибер-кризисти моделдөөнү, киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференцияларды өткөрүүнү, ошондой эле киберкоопсуздугу боюнча эксперттерди тартууну улантабыз.
Жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө даярдыкта шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча саясий партияларга 20 тренинг жана коомдук уюмдарга жана ЖМКларга 7 тренинг өткөрүлөт. Ошондой эле шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүү боюнча саясий партияларга 20 тренинг өткөрүү пландалууда. ПРООН шайлоо процесстеринде аялдардын катышуусун жогорулатууга бардык региондордо жарандык коомдун активисттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана потенциалдуу аял-талапкерлерге 19 мотивациялык жолугушууларды жана аялдардын шайлоого катышуусу боюнча аял-талапкерлерге тогуз тренинг өткөрүү менен колдоо көрсөтөт. БУУ-Аялдарды колдоосунда өрнөктүү тажрыйбаны аныктоо максатында 10 коомдук диалог өткөрүлөт. ПРООН ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колл-борборго операторлукка картуу иштерин улантат. Шайлоочулар үчүн ар кандай шаарларда биометрикадан өтө элек жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу, паспортторду берүү жана алмаштыруу, жашаган жеринин каттоосун өзгөртүүгө “Маалыматтык автобусту” жөнөтүү аркылуу бүткүл улуттук маалыматтык кампаниясы уюштурулат” –деп айтты ал.
ПРООН коомдук бирмдикти камсыздоо жана айылдык шайлоочуларды агартуу максатында БШКнын Жарандык билим берүү борборунун китепканалары жана жергиликтүү бөлүмдөрү аркылуу жарандык жана санариптик билим берүүнү кеңейтет деп Юлия Шипилова белгиледи. Ошондой эле ПРООН жаштар дебаттарын уюштуруу жана мектеп окуучулары үчүн шайлоону симуляциялоо аркылуу жаштардын шайлоого катышуусун жогорулатуу боюнча ишин уланта берет.
Жолугушууда январь айында өткөн шайлоодогу Коопсуздук алгоритми ишке ашты, ошондой эле БШК шайлоодон кийинки мониторинг жүргүзгөн, анда оору жуккан адамдардын динамикасынын төмөндөө тенденциясы байкалганы белгиленди. Өз учурунда ПРООН санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууну колдоону улантып шайлоо процессинин катышуучулары үчүн 1,7 миллиондон ашык маска берүүгө даяр экенин билдирди.
“Биз БШКны, саясий партияларды, жергиликтүү байкоочуларды жана ЖМКларды колдоо мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Биз пландарыбыздын пункттарын такташтырып жатабыз. БШК жана башка өнөктөштөр менен биргелешип пландарды талкуулоону чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”, - деди USAIDдин демократияны өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Ноэль Бауэр.
ЕККУнун Программалык офисинин Адамдык өлчөмү боюнча департаментинин башчысы Юлия Нетесова, салт болуп калгандай ЕККУ жарандык коомдун жана шайлануучу органдардын ортосундагы диалогду кеңейтүүгө жана мыйзам чыгаруу процессине жарандардын дээрлик катышуусун маанилүү деп эсептээрин белгиледи.
“Биз БШКга шайлоо мыйзамдарын конституциялык реформага дал келтирүүнү камтып, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана талдоо шайлоо процесстерин өркүндөтүүдө жергиликтүү жана эл аралык эксперттик колдоо көрсөтөбүз. Ушуга байланыштуу БШК менен биргеликте шайлоо системасын реформалоону талкуулоо үчүн коомдук бир катар иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. Жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго тиешелүү болгон 30-пайыздык квотаны колдонуп аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштерин улантабыз. Андан тышкары, биз аялдардын катышуусу боюнча жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна байкоо жүргүзүүнү колдойбуз.
Ошондой эле, биз укук коргоо органдарынын кызматкерлерин натыйжалуу окутууну камсыздоодо БШКнын укук коргоо органдары менен кызматташуусуна жана диалогуна колдоо көрсөтүүну улантабыз” – деп айтты ал.
КР БШК маалыматтык бөлүм.
