2021–ж. 9-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
09 февраля 2021
Өткөрүү датасы: 9-февраль 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И. Т. Гайпкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 153 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5.Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнү, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6.Ар түрдүү маселелер
