БШК “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен А.Т. Мамасалиевди чыгарды
03 февраля 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-февралындагы отурумунда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен Мамасалиев Алишер Тургунбаевичти чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Мамасалиев Алишер Тургунбаевичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
