Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурациясы болуп өттү

28 января 2021

Бүгүн – 2021-жылы 28-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин инаугурациясы болуп өттү.

2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү, добуш берүүгө келген шайлоочулардын саны – 1 395 513 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 39,16 % түзөт.

2021-жылы 20-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, шайлоо болуп өттү деп тааныды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич 1 105 248 добуш алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен С.Н. Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайланган Президент шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине мазмундагы ант берет.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова С.Н. Жапаровго Президент болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмалоо белгилерин – Президенттин төш белгисин жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандартын (желегин) тапшырды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү